Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 9-сентябры № 773-т
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы КМШга катышкан мамлекеттердин мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасынын геопорталын өнүктүрүү жана толуктоо максатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография федералдык кызматынын (Россия Федерациясы) ортосундагы КМШга катышкан мамлекеттердин мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасынын геопорталын өнүктүрүү жана толуктоо максатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография федералдык кызматы (Россия Федерациясы) мындан ары Тараптар деп аталып, 1991-жылдын 8-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин түзүү жөнүндө макулдашуунун, 1992-жылдын 9-октябрындагы Шериктештикке катышуучу мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашуунун, 1994-жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Геодезия, картография, кадастр жана Жерди аралыктан зонддоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун принциптерине жана максаттарына негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташуунун максаты
Ушул Макулдашуунун максаты КМШга катышуучу мамлекеттердин мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасынын геопорталын (мындан ары - КМШ ММИ геопорталы) андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле КМШ ММИ геопорталынын жана анын сервистеринин иштөөсү үчүн зарыл болгон мейкиндик жана ачык пайдалануудагы башка маалыматтарды түзүүгө жана алмашууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2-берене. Кызматташуунун багыттары
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарын сактоо менен төмөнкү негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:
1) геодезия, картография жана мейкиндик маалыматтары;
2) мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасын түзүү жана өнүктүрүү;
3) маалыматтык системаларды түзүү жана электрондук сервистерди өнүктүрүү;
4) кадрларды даярдоо;
5) Тараптар макулдашкан кызматташуунун башка багыттары.
3-берене. Кызматташуунун формалары
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинде көрсөтүлгөн кызматташуунун багыттарын ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлөт:
1) ачык пайдалануудагы материалдарды жана мейкиндик маалыматтарын түзүү жана алмашуу;
2) методологиялык документтерди иштеп чыгуу;
3) маалыматтык системаларды жана электрондук сервистерди түзүү, өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу;
4) кадрларды даярдоого, анын ичинде адистерди окутууга жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
5) биргелешкен изилдөөлөрдү, жолугушууларды жана конференцияларды уюштуруу;
6) мейкиндик маалыматтарынын инфраструктурасын укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
7) алдынкы методдорду, техникаларды жана технологияларды изилдөө, тестирлөө жана ишке киргизүү;
8) Тараптар макулдашкан кызматташуунун башка формалары.
4-берене. Контролдоо жана координациялоо
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар жумушчу органдарды түзүшү мүмкүн.
Тараптардын өкүлдөрү зарыл болгон учурда ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну бекемдөө жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин кароо максатында жумушчу жолугушууларды жана консультацияларды өткөрөт.
5-берене. Жооптуу аткаруучулар
Ушул Макулдашуунун жооптуу аткаруучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Тараптан - "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекеме;
Россия Тараптан - "Роскадастр" коомдук-укуктук компаниясы.
Ушул Макулдашуунун жооптуу аткаруучулары өзгөргөн учурда Тараптар бири-бирине бул жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу түрүндө токтоосуз кабарлайт.
Зарыл болгон учурда Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында башка уюмдарды ишке тартышы мүмкүн.
6-берене. Чыгымдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды уюштуруу боюнча чыгымдарды мамлекетинин аймагында иш-чара өткөрүлүп жаткан Тарап төлөйт. Эгерде чыгымдарды бөлүштүрүүнүн башка тартиби макулдашылбаса, жыйналыштарга катышуучулардын эл аралык транспорттук чыгымдарын жана жашоо, тамак-аш чыгымдарын жиберген Тарап төлөйт.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан башка чыгымдар Тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча бөлүштүрүлөт.
7-берене. Алынган маалыматты жана материалдарды пайдаланууга чектөөлөр
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө же биргелешкен иштин натыйжасында алынган маалыматты, документтерди жана материалдарды коргоону камсыз кылат.
Тараптар ушул Макулдашууга ылайык берилүүчү же аны аткаруунун натыйжасы болуп эсептелген маалыматтын купуялуулук даражасын өз алдынча же биргелешип (биргелешкен иштерди жүргүзгөн учурда) белгилейт.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында алынган ар кандай купуя маалыматты өзүнүн купуя маалыматын коргогон деңгээлде коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
Маалыматты, документтерди жана материалдарды алмашуу тартиби, аларды коргоо жана сактоо боюнча шарттар жана чаралар ушул Макулдашуунун 5-беренесинде аныкталган жооптуу аткаруучулар тарабынан түзүлгөн өзүнчө макулдашууларда жөнгө салынышы мүмкүн.
Тараптар маалыматка, документтерге жана материалдарга карата жашырындуулук режимин (мамлекеттик сыр) колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алган учурда мындай маалыматтарды (маалыматты, материалдарды, документтерди) алмашуу тартибин, коргоо боюнча шарттарды жана чараларды 2003-жылдын 19-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндө макулдашууга ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө жана аны колдонуу аяктагандан кийин Тараптар аныктайт.
Ушул Макулдашуунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган маалыматты Тараптардын бири экинчи Тараптын кызыкчылыктарына зыян келтирүү үчүн пайдаланбоого тийиш.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууда алынган Тараптардын кызматташуусунун натыйжалары үчүнчү мамлекеттерге, алардын юридикалык жана жеке жактарына Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана берилиши мүмкүн.
8-берене. Пикир келишпестиктерди чечүү
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча Тараптардын ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктер алардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
9-берене. Өзгөртүүлөрдү киргизүү
Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене. Кошумча макулдашуулар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптардын өз ара макулдугу боюнча жооптуу аткаруучулар анын негизинде айрым маселелер боюнча кошумча макулдашууларды түзүшү мүмкүн.
11-берене. Күчүнө кириши жана колдонууну токтотуу
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жыл колдонулат жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка анын колдонуунун алгачкы же кийинки мезгили аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлабаса, ал автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, аны колдонууну токтотуу учуруна карата бүтпөй калган биргелешкен долбоорлорду же ушул Макулдашууга ылайык жүргүзүлүүчү башка иш-чараларды ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
_____________ шаарында 20____-жылдын "___" ____________ кыргыз жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик үчүн |
| Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография федералдык кызматы үчүн (Россия Федерациясы) |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |