Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I отуруму
2024-жылдын 15-марты № 9
Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик-Сервис” коммуналдык-тейлөө ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин 3 (үч) кошумча штаттык бирдиктерин түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Пезидентинин 29.12.2023-ж №370 жарлыгын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7.02.2024-ж. №52 токтомунун негизинде мурунку Ленин жана Бүлөлү айыл өкмөттөрү жоюлуп, Жибек-Жолу айыл айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлүп, техникалардын саны көбөйүп, кошумча штаттык бирдиктерге муктаждыктар пайда болгондуктан мурда түзүлгөн айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик - Сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин кошумча 3(үч) штаттык бирдиктерин түзүүгө макулдук берүү жана 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына отургузулуп, каржылоо жүргүзсүү боюнча айыл аймагынын айыл өкмтүнүн башчысы Ж.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Пезидентинин 29.12.2023-ж №370 жарлыгын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7.02.2024-ж. №52 токтомунун негизинде мурунку Ленин жана Бүлөлү айыл өкмөттөрү жоюлуп, Жибек-Жолу айыл айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлүп, техникалардын саны көбөйүп, кошумча штаттык бирдиктерге муктаждыктар пайда болгондуктан мурда түзүлгөн айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Биримдик - Сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык- тейлөөчү кызматкерлеринин кошумча 3(үч) штаттык бирдиктерин түзүүгө макулдук берилсин жана 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына отургузулуп, каржылоо жүргүзүлсүн;
2. Муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин кошумча 3(үч) штаттык бирдиктерин түзүүгө керектелүүчү акча каражатын сметанын чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү беренелерине отургузуп эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановго жүктөлсүн;
3. “Биримдик-сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык- тейлөөчү кызматкерлеринин кошумча штаттык бирдиктерин түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылоого уруксат берүү жагы Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |