Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 21-августу № 13-96
«Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы № 13-96 «Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»»
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын электр станцияларынын жана электр тармактарынын кызматкерлерин авариялык каршы окутуу тууралуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругуна (мындан ары - буйрук) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- буйруктун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын – “Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун жана тармактарынын ишкерсандарынын бүлүнүүгө каршы машыгууларын өткөрүү эрежелери”.
- буйруктун 1-пункту мамлекеттик тилде төмөнкү редакцияда баяндалсын - “Кыргыз Республикасынын энергия тутумунун электр чордондорунун жана тармактарынын ишкерсандарынын бүлүнүүгө каршы машыгууларын өткөрүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин”.
2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Т.Ө. Ибраев |