Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-сентябры № 551
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 “Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибин жана Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 310 “Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибин жана Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин, өтүнмө ээлери тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматтарды берип турсун.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоону жүргүзүү тартибинде:
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Куралды сертификаттоо боюнча сыноолор тиешелүү жаатта аккредитациялоо менен аккредитацияланган сыноо лабораторияларында жүргүзүлөт.”;
– 8–10-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Куралды сертификаттоо Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын тизмегинде белгиленген стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Куралдарды сертификаттоону жүргүзүү менен байланышкан иштерге акы төлөө сертификаттоо боюнча орган тарабынан бекитилген тарифтерге жана/же прейскуранттарга ылайык өтүнмө берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Шайкештик сертификаты электрондук басып чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен гана мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.”;
– 17-пунктта “Куралдын шайкештигин ырастоодо” деген сөздөр “Куралды сертификаттоодо” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 19-пунктта:
4-пунктчада:
экинчи абзацта расмий тилдеги “пункта” деген сөз “пункту” деген сөзгө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– куралдардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди (бар болсо): шайкештик сертификатын (аны берген сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасын же көчүрмөсүн), аккредиттелген ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан аткарылган сыноолордун протоколдорун (аларды жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аларды берген аккредиттелген лаборатория тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускасы же көчүрмөсү);”;
7-пунктчада “шайкештигин ырастоочу документтери” деген сөздөр “шайкештик сертификаты” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 21-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) куралдын партиясын карап чыгат, өтүнмө кабыл алынып, сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн келишимге (макулдашууга) кол коюлуп, сертификаттоо боюнча иштерге акы төлөнүп жана куралды баалоо үчүн зарыл болгон документтер берилгенден кийин бир жумуш күндүн ичинде (сертификаттоо схемасына ылайык) сыноолорду жүргүзүү үчүн куралдын үлгүлөрүн тандап алат;”;
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) өтүнмө берүүчүнүн жана/же өкүлүнүн катышуусунда сыноо үчүн куралдын үлгүлөрүн тандоону, маркалоону, пломба басууну жана куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысын нускасы ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эки нускада тариздөө менен үлгүлөрдү алуу жол-жобосун документтештирүүнү жүзөгө ашырат: актынын бир нускасы өтүнмө берүүчүгө жана/же өкүлүнө берилет, экинчи нускасы сертификаттоо боюнча органда сакталат;”;
– 22-пункттун биринчи абзацындагы “башка документтер менен бирге” деген сөздөр алып салынсын;
– 28-пунктта:
төртүнчү абзацта расмий тилдеги “схемы” деген сөз “схеме” деген сөзгө алмаштырылсын;
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Куралдарга берилген шайкештик сертификаттарынын реестри “Tulpar System” бирдиктүү терезесинин маалыматтык системасынын алкагында сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт. Куралдарга шайкештик сертификаттарынын номерлерин түзүү түзүмүндө милдеттүү сертификаттоонун түрү 02 шифри менен белгиленет.”;
– 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“45. Өтүнмө берүүчүгө куралга шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартылган же берилген шайкештик сертификатын колдонууну токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда сертификаттоо боюнча орган куралдын ушул түрүн мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө жана товарлар иш жүзүндө турган региондогу бажы органына билдирет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 531-пункт менен толукталсын:
“531. Эгерде продукцияга талаптар эквиваленттүү болуп эсептелсе жана сертификаттоо боюнча орган тарабынан ушул пункттун жоболорун эске алуу менен белгиленсе, жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча сертификаттоону жүргүзүү жол-жобосу Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекетте өндүрүлгөн куралга карата гана жүзөгө ашырылат.
Эгерде продукцияны сертификаттоо жүргүзүүгө өтүнмө берүүчү коопсуздук талаптарына куралдын шайкештигин ырастаган документтерди (шайкештик сертификатынын түп нускасы же аны берген ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү; ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан берилген куралдын конкреттүү партиясына сыноолордун (аларды өткөрүү мөөнөттөрүн эске алуу менен) протоколдорунун түп нускалары же аларды берген ЕАЭБдин аккредиттелген сыноо лабораториялары тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрү) (мындан ары – ЕАЭБдин шайкештик сертификаттары, ЕАЭБдин сыноолорунун протоколдору) берсе, анда сертификаттоо боюнча органдын чечими боюнча сертификаттоо жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча жүргүзүлөт.
Сертификаттоо боюнча орган 20-пунктта көрсөтүлгөн иштерди, ошондой эле төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
– берилген документтердин Продукциялардын тизмегине ылайык коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча стандарттардын талаптарына шайкештигин, аларды берүү жана колдонуу мөөнөттөрүн аныктоо бөлүгүндө экспертизалоону;
– билдирилген куралдын партиясынын берилген документтерге шайкештигин аныктоо максатында алып келинген куралдын партиясын карап чыгууну;
– куралга берилген документтерди талдап чыккандан жана аны карап чыккандан кийин оң натыйжа болгондо сыноолорду жүргүзбөстөн сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Куралга берилген документтерди талдоонун жана/же аны кароонун терс натыйжасы болгон учурда жана сертификаттоо боюнча орган тарабынан куралдын коопсуздуктун белгиленген талаптарына шайкеш келбешине алып келиши мүмкүн болгон сактоо жана (же) ташуу шарттарын бузуунун айкын натыйжалары белгиленгенде, сертификаттоо боюнча орган коопсуздуктун бардык көрсөткүчтөрү боюнча сыноолорду жүргүзүүнү дайындоого укуктуу;
– шайкештик сертификатын каттоону жүргүзөт жана аны өтүнмө берүүчүгө берет.
Зарыл болгон учурда сертификаттоо боюнча орган кошумча төмөнкүдөй маалымат сурай алат:
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан берилген шайкештик сертификатында же ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аккредиттелген сыноо лабораториясы тарабынан берилген сыноолордун протоколунда көрсөтүлгөн техникалык талаптарды белгилөөчү документтер;
– куралга шайкештик сертификатын берүү үчүн негиз болгон документтер.
Өтүнмөнү кабыл алуудан тартып өтүнмө берүүчүгө шайкештик сертификаты берилгенге чейин жөнөкөйлөтүлгөн программа боюнча сертификаттоону жүргүзүү жол-жобосу боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөтү бардык ырастоочу документтер болсо, продукцияга сыноолорду жүргүзүү убактысын эсепке албастан, куралдын бардык түрлөрү үчүн эки күндөн ашпоого тийиш.
Шайкештик сертификатын колдонуу мөөнөтү ЕАЭБге мүчө мамлекеттин сертификаттоо боюнча аккредиттелген органы тарабынан берилген шайкештик сертификатынын колдонуу мөөнөтүн, куралдын жарактуулук мөөнөтүн, продукцияны берүү жөнүндө келишимдердин (контракттардын) колдонуу мөөнөтүн эске алуу менен белгиленет.
Продукцияга шайкештик сертификатынын бланкын толтуруу Тартипке ылайык жүргүзүлөт, мында “ченемдик документтердин талаптарына шайкеш келет” графасында продукцияга стандарт көрсөтүлөт.”;
– 54-пунктта “49–53-пункттарында” деген сөздөр “49–531-пункттарында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 56-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“56. Сертификаттоо үчүн берилген куралдардын үлгүлөрүн тандап алуу сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүргүзүлөт жана куралды идентификациялоо, тандалып алынган үлгүлөргө аккредиттелген сыноо лабораториясы тарабынан сыноолорду жүргүзүү максатында жүзөгө ашырылат.”;
– 61-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“61. Тандап алуу аяктагандан кийин ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысы таризделет.”;
– 62-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“62. Сертификаттоо үчүн берилген куралдын үлгүлөрүн тандап алуу жана идентификациялоо актысында төмөнкүлөр камтылат:”;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– тандап алууну ишке ашырган сертификаттоо боюнча органдын кызматкеринин (кызматкерлеринин) жана өтүнмө берүүчү тарабынан ыйгарым укук берилген жана тандап алууда катышкан адамдардын фамилиялары, инициалдары жана кол тамгалары.”;
– 64-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Тизмекте белгиленген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредиттелген сертификаттоо боюнча органдар бир айлык мөөнөттө Тизмекке киргизилген жарандык жана кызматтык куралдарды жана алардын патрондорун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдарды милдеттүү түрдө сертификаттоо жүргүзүү жол-жобосун жана өзүнүн аккредитациялоо жаатын ушул токтомго ылайык келтирсин жана аларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборуна берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“2-тиркеме
Милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш болгон жарандык жана кызматтык куралдардын жана алардын патрондорунун, ошондой эле конструкциясы боюнча куралга окшош буюмдардын
тизмеги
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Документтердин белгилениши, ага ылайык шайкештикти ырастоо жүзөгө ашырылат |
1 | Газ тапанчалары жана револьверлер жана сайсыз газ куралдар | 9302 00 000 0 | МамСТ 50741-95 3.1; 3.2; 3.3; 3.6-пунктчалар |
2 | Ок атуучу сайлуу спорттук тапанчалар жана револьверлер
| 9302 00 000 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
3 | Ок атуучу сайлуу кызматтык тапанчалар жана револьверлер | 9302 00 000 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
4 | Чектелген ок атуучу, анын ичинде сайсыз курал
| 9302 00 000 0 | КМС МамСТ 55786-2022 6.1-пунктча КМС МамСТ 51589:2022 4.1; 4.2; 4.3; 4.5-пунктчалар |
5 | Спорттук мергенчилик бир сайлуу жылма сайлуу узун сайлуу курал | 9303 20 100 0 9303 20 950 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
6 | Спорттук мергенчилик бир сайлуу узун сайлуу ок атуучу курал | 9303 30 000 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
7 | Мергенчилик эки сайлуу жылма сайлуу же айкалыштырылган курал, анын ичинде түрдүү калибрдеги сайлары бар | 930320 95009303 300000 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
8 | Атылуу күчүнүн энергиясы 25 Дж ашпаган пневматикалык мергенчилик курал
| 9304 00 000 0 | КМС МамСТ 51612-2022 3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар |
9 | Атылуу күчүнүн энергиясы 3 Дж ашык болгон спорттук пневматикалык мылтыктар жана куралдар | 9304 00 000 0 | КМС МамСТ 51612-2022 3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар |
10 | Атылуу күчүнүн энергиясы 3 Дж ашык болгон спорттук пневматикалык тапанчалар жана револьверлер | 9304 00 000 0 | КМС МамСТ 51612-2022 3.1; 3.2; 3.3; 3.4; 3.5; 4.8-пунктчалар |
11 | Тапанчалардын жана револьверлердин негизги (курамдык) бөлүктөрү (сай, затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары | 9305 10 000 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
12 | Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу узун сайлуу куралдардын сайлары | 9305 20 000 1 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
13 | Мергенчилик жана спорттук узун сайлуу ок атуучу куралдардын сайлары | 9305 20 000 1 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
14 | Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу мылтыктардын башка негизги (курамдык) бөлүктөрү (затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), кол коргоочу, согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары | 9305 20 000 9 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
15 | Мергенчилик жана спорттук жылма сайлуу ок атуучу мылтыктардын башка негизги (курамдык) бөлүктөрү (затвор, барабан, алкак, сай кутусу (колодка), кол коргоочу, согуу-коё берүү механизми жана анын бөлүктөрү жана шаймандары | 9305 20 000 1 9305 20 000 9 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
16 | Спорттук жана мергенчилик жылма сайлуу куралдарга патрондор, анын ичинде сыналуучулар | 9306 21 000 0 | КМС МамСТ 50530-2015 5.1; 5.2; 5.3; 5.4.1; 5.5.2; 5.6.1-пунктчалар |
17 | Тапанча жана револьверлерге патрондор | 9306 30 100 0 | КМС МамСТ 50530-2019 5.1; 5.2; 5.3; 5.4.1; 5.5.2; 5.6.1-пунктчалар |
18 | Спорттук жана мергенчилик ок атуучу куралга патрондор (тапанча менен револьверден башкасы) анын ичинде сыналуучулар | 9306 30 900 0 | КМС МамСТ 50530-2019 5.1; 5.2; 5.3; 5.4.1; 5.5.2; 5.6.1-пунктчалар |
19 | Травматикалык колдонуудагы патрондор | 9306 30 900 0 | КМС МамСТ 55786:2022 6.2-пунктча |
20 | Сайсыз куралга травматикалык жана жарык үн менен колдолуучу куралга патрондор | 9306 30 900 0 | МамСТ 51611-2000 5.1; 5.3; 5.4-пунктчалар |
21 | Өздүк коргонуучу газ куралга патрондор | 9306 30 900 0 | МамСТ 50742-95 4.1; 4.2; 4.3; 4.4; 4.5-пунктчалар
|
22 | Спорттук жана мергенчилик жылма сайлуу куралга капсулаланган гильза | 9306 29 000 0 | КМС МамСТ 50530-2019 5.1; 5.3; 5.4.1-пунктчалар |
23 | Мергенчилик жана спорттук ок атуучу курал үчүн капсулаланган гильза (тапанча менен револьвьерден башка)
| 9306 30 900 0 | КМС МамСТ 50530-2019 5.1; 5.3; 5.4.1-пунктчалар |
24 | Тапанча менен револьверге капсулаланган гильза | 9306 30 1000 | КМС МамСТ 50530-2019 5.1; 5.3; 5.4.1-пунктчалар |
25 | Кызматтык жана жарандык жылма сайлуу куралга патрондор үчүн капсула | 3603 30 000 0 | МамСТ 7574-71 2.6; 2.7; 2.8; 2.9-пунктчалар МамСТ 24579-81 2.2; 2.5; 2.7; 2.8 - пунктчалар |
26 | Саюучу мергенчилик куралы (мергенчилик бычактар жана канжарлар) | 9307 00 000 0 | МамСТ 51500-99 5.1; 5.2; 5.3; 5.4; 5.5-пунктчалар 7.1; 7.2; 7.3-пунктчалар |
27 | Туристтик жана атайын спорттук бычактар | 9307 00 000 0 | МамСТ 51501-99. 5-бөлүм |
28 | Жашап кетүү үчүн колдонууга бычактар | 9307 00 000 0 | МамСТ 51548-2000. 5-бөлүм |
29 | Тери сыйруучу жана эт бөлүүчү бычактар | 9307 00 000 0 | МамСТ 51644-2000, 5-бөлүм |
30 | Тышкы көрүнүшү боюнча саюучу же ыргытып саюучу куралга окшош сувенирдик жана декоративдик буюмдар | 9307 00 000 0 | КМС МамСТ 51715-2022 5.1.2, 5.1.3, 5.1.4, 5.2.3-пунктчалар |
31 | Спорттук жаалар жана арбалеттер | 9506 99 900 0 | КМС МамСТ 52115-2022 7-бөлүм КМС МамСТ 51905-2022 6-бөлүм |
32 | Электрошок түзүлүштөрү жана учкун кармагычтар | 9304 00 000 0 | КМС МамСТ 50940-2022 3.5; 3.9-пунктчалар |
33 | Конструкциясы боюнча калибри 6 мм ашкан жарык, түтүн жана үн сигналдарын берүү үчүн гана арналган куралдар | 9303 10 000 0 9303 20 100 0 9303 20 950 0 9303 30 000 0 9303 90 000 0 | КМС МамСТ 50529-2022 4.1.1; 4.1.2; 4.1.3; 4.1.5-пунктчалар |
”.