Редакцияот 29.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 29-апрели № 12

 

“Жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоорду биргелешип каржылоо тууралуу”

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун Жайыл районунун Новониколаевка айылына “Жаңы коопсуз заманбап “Тай казан” орнотуу жана сатып алуу” долбоорду биргелешип каржылоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Жайыл районунун Новониколаевка айылына “Жаны коопсуз заманбап “Тай казан” орнотуу жана сатып алуу” долбоорун биргелешип каржылоого, айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150000 ( жүз элүү миң ) сом акча каражат бөлүп берсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

 

И.С. Рыскулов