Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2023-жылдын 14-февралы № 115

Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын

25-декабрындагы №211 «Ош шаарында

көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун

тартиби жана шарттары жөнүндө» токтомуна

толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы К.Абдырахман уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 8-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

 

1.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №211 «Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө» токтомунун 1-тиркемеси «8.13. Турак жана турак эмес жайлардын сатылуучу наркы Сатуучу тарабынан көз карандысыз баалоо жолу менен аныкталат» мазмунундагы пункт менен толукталсын.

 

2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

 

3.Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Ш.Бакир уулу) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

С.С.Назылбеков