Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-июлу № 2025-П-12/34-2-(БС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 2025-П-12/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-т тескемесин ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-р тескемесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 2025-П-12/14-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-т тескемесин ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 3.1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Эсептешүү банкы үчүн банк менен байланышпаган бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн экономикалык ченем (К1.3) 50% ашпаган деңгээлде белгиленсин. К1.3 ченеминин бул мааниси Министрлер Кабинетинин тескемесин ишке ашырууга байланыштуу операцияларды жүргүзүү максатында гана эсептешүү банкына карата колдонулат.".
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |