Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 2
2025-жылдын башына айыл өкмөттүн эсептик счеттогу калган калдык акча каражатынын сарпталышы боюнча бюджетке жана атайын каражатка кошумча смета киргизүү жөнүндө.
Майдан айыл өкмөтүнүн бюджеттик жана атайын каражаттык эсептик счеттордогу 2025-жылдын башына карата акча каражаттарын жумшоо боюнча Майдан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы “Бюджеттик Кодексинин” негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын башына калган бюджеттик акча каражатты 3039,1 миң сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын №1- тиркемеге ылайык (кошумча сметанын негизинде).
2. Майдан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын башына калган бюджеттик акча каражатты 37,3 миң сомду айыл өкмөттүн аймагындагы ар кандай көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн жумшалсын №2- тиркемеге ылайык (кошумча сметанын негизинде).
3. Майдан айыл өкмөттүн бөлүм башчысы-экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы К.Токтосунов бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |