Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 3- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 16
Турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Нуралиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1.Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 379-беренесине ылайык, турак имараттар жайлары үчүн ставканын өлчөмү, Мамлекеттик салык кызматынын Өзгон району боюнча башкармалыгынын сунушу боюнча 1 чарчы метр үчүн 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Нуралиевке милдеттендирилсин
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Чолпонбай уулу Сагындык |