Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-июлу № 2025-П-15/38-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- "жашыл" долбоорлорду каржылоо;
- аял ишкердигин каржылоо.";
- 5-пунктунун 1-пунктчасындагы "сатып алуучу актылар," деген сөздөр алынып салынсын;
- 8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"8. Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин же Көзөмөл боюнча комитетинин сунуштамалары боюнча Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет жана күрөөлүк камсыздоонун жалпы көлөмүнө карата пайыздык катышта белгиленет.";
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктчасы менен толукталсын.
"3-1) Moody's Investors Service (США), Standard & Poors (США), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон (ААА) жана эң жогоркудан кийинки (АА+) узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтинги эмитентте бар болгон шартта Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган жана жайгаштырылган эл аралык финансы уюмдарынын баалуу кагаздары;".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу |
| М. Аттокуров |