Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 5
Тургунбаев Байсалбек Тургунбаевичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну, "Азбука вождения" автомектебинин жетекчиси Тургунбаев Байсалбек Тургунбаевичтин кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын жаңы конуш участкасында 0,90 га жер аянтын автодром куруу максатында келишимдик негизде убактылуу пайдаланууга берүү маселеси каралып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тургунбаев Байсалбек Тургунбаевичке Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын жаңы конуш участкасынан 0,90 га жер аянтына автодром куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык мыйзам чегинде келишимдик негизде берүүгө макулдук берилсин:
2. Майдан айыл өкмөтүнүн жооптуу адистерине тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо тапшырылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |