Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы №117
Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин
жана 2024-2025-жылдарга пландык
көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №137 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун Ош шаарынын 2023-жылга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 3-февралындагы отурумунун №1, №2 жана 13-февралындагы №3 чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1.Ош шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 2 509 306,2 миң сом, 2024-жылга 2 632 874,0 миң сом, 2025-жылга 2 768 117,7 миң сом суммасында 1, 2, 3 жана 4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2.Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык белгиленсин.
3.Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү субсидиялар 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Ош шаарынын мэриясы тарабынан алынган насыяларды жоюуга жана Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга мүчөлүк акы төлөөгө 142 418,0 миң сом акча каражаты каралсын.
5.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Ош шаарындагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга 10 сом эсебинде) жана өз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Ю.Аматова) милдеттендирилсин.
6.Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулардын тамак ашына жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча бир окуучуга 50 сом өлчөмүндө белгиленсин.
7.Ош шаарындагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында эмгектенген тарбиячылардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктер үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча бир кызматкерге айына 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 “Социалдык кызматкерлер жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын социалдык кызматкерлери үчүн кошумча жеңилдиктерге бир кызматкерге айына 5000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
9.“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын (титулдук баракчасынын эсебинен каржыланган), Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарына 2023-жылдын 1-январынан тартып ай сайын үстөк акылардын өлчөмү 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10.Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларын каржылоо 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11.2023-2025-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
12.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
13.Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2023-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша беренелеринин максаттуу пайдаланышы үчүн жеке жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин, муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
14.Бюджеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга атайын каражаттарды казына системасынан сырткары колдонууга тыюу салынсын.
15.Зарыл болгон учурда ушул токтом менен бекитилген бюджеттин параметрлерине өзгөртүүлөр, ага тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынганга чейин Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.
16.Ош шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча 2023-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 35 000,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17.Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Р.И.Аданов), Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы (О.Т.Торобаев) жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (С.Төрөбек уулу) 2023-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бөлүгүн (ар бир түрү боюнча) толук көлөмдө жана өз убагында аткарууга милдеттендирилсин.
18.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.А. Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч. Абдиев).
19.Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
20.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.М. Арзиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С.Назылбеков |
(Ош шаардык кеңешинин кезексиз XVI сессиясынын 2023-жылдын 14-февралындагы № 117 токтомунун тиркемелер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVI СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 14-февралы №117
Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин
жана 2024-2025-жылдарга пландык
көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №137, 2023-жылдын 20-июну № 144 токтомдорунун редакциясына ылайык)