Сравнение редакций…
РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2025-жылдын 1-сентябры № 746-т
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктта:
экинчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри” деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгынын начальниги” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 536-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө жободо:
– 2-пункттун үчүнчү абзацында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 17-пунктта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик)” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 25, 28, 30, 33-пункттарда ”Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2025-жылдын 1-сентябры № 746-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июнундагы № 486-т тескемесинин редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 220-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктта:
экинчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри” деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгынын начальниги” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-июнундагы № 486-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)