Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 8
Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобекованын жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобекова тарабынан Ош-Баткен автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан 0,0795 га турак жай жер аянтынын ичинен 0,04 га жер участогун соода-сатык багытына өткөрүү боюнча берилген кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Сай айылынын тургуну А. Хожобековага 0,0795 га турак жай жер аянтынын ичинен 0,04 га жер участогунун багытын элге кызмат көрсөтүү үчүн соода-сатык багытына өткөрүүгө макулдук берилсин;
2. Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогунун багытын өзгөртүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |