Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 9
Тактек участкасындагы кайрак жерди аукционго коюу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Тактек участкасындагы кайрак жерден 2,0 га аянтты аукционго коюу маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Тактек участкасындагы кайрак жерден 2,0 га аянтты мыйзам чегинде аукционго коюуга макулдук берилсин;
2. Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогун аукционго коюу иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |