Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 11
Майдан айыл аймагынын Айрыбаз айылынын Доочар учаскасынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомун аткаруу жана Майдан айыл аймагынын Айрыбаз айылынын Доочар участкасынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын Доочар участкасында жайгашкан М. Исажанов көчөсүнүн 32 жашоочусуна (Абдинаби уулу Тынчтыкбектен, Мамасеидов бектемирге чейин) "Тынчтык" 1- көчөсү болуп өзгөртүлсүн, ал эми М. Исажанов көчөсүнүн калган бөлүгү өзүнүн мурунку аталышында сакталсын;
2. Жашоочулардын толук тизмеси даярдалып, тиешелүү документтер менен бирге Мамлекеттик каттоо кызматынын (Госреестр) тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн;
3. Мыйзам чегинде жер участогунун так чек араларын аныктоо жана документалдык тартипке келтирүү Майдан айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Б. Хожикановго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөт башчысы Э. Абдилатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |