Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 24-январы № 18
Достук айылындагы жаңы курулган мал базарды муниципалдык баланска алуу жөнүндө
Майдан айыл аймагына караштуу Достук айылында жаңы курулган мал базардын иштешин камсыз кылуу, айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылында жаңы курулган мал базар муниципалдык менчикке өткөрүлсүн жана Майдан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Майдан айыл өкмөтү тиешелүү документтерди расмий каттоо иштерин жүргүзсүн.
3. Мал базардын иштөө тартибин жана башкаруу механизмин иштеп чыгуу Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |