ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму
2024-жылдын 17-апрели № 11
“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жибек-Жолу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Алай районуна караштуу Жибек-Жолу айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жибек-Жолу айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Жибек-Жолу айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин;
2. Жибек-Жолу айылдык кеңешинин төрагасына жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |