Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 777-т тескемеси менен жактырылды) долбоору
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 777-т тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана
алмашуу жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Түркия Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, эки мамлекеттин аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар анын аймагында жашап турууга уруксаты бар адамдар үчүн экинчи Тараптын компетенттүү органдары тарабынан берилген жарактуу жана мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.
Тараптардын биринин компетенттүү органы тарабынан берилген жарактуу жана мөөнөтсүз улуттук айдоочулук күбөлүгү бар адамдар экинчи Тараптын аймагында жашап турууга уруксат алган учурда, жашап баштаган датага карабастан экинчи Тараптын компетенттүү органына өзүнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн экинчи Тарап берген айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу жөнүндө арыз менен кайрыла алат.
Ушул Макулдашуу Тараптардын колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене
Ушул Макулдашуунун беренелериндеги “жашап турууга уруксат” түшүнүгүн чечмелөөдө Тараптардын ар биринин мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдери пайдаланылат.
3-берене
Тараптар өздөрүнүн тиешелүү улуттук мыйзамдарына ылайык арыз ээсинин транспорт каражатын башкаруу жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн кандайдыр бир практикалык жана/же теориялык экзамендерди өткөрбөстөн, 1-берененин экинчи абзацына ылайык анын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырат.
Ушул берененин биринчи абзацы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн кайрылган адамдардын жашынын, ден соолугунун абалынын же психикалык абалынын негизинде белгиленүүчү транспорт каражатын башкаруу укугуна чектөөлөр бөлүгүндө Тараптардын ар биринин улуттук мыйзамдарын козгобойт.
4-берене
Тараптын алмаштырууну жүргүзгөн компетенттүү органы арыз ээсинен экинчи Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктү анын улуттук же расмий тилде күбөлөндүрүлгөн котормосун тиркөө менен берүүнү талап кыла алат.
5-берене
Тараптын алмаштырууну жүргүзгөн компетенттүү органы арыз ээсинен анын улуттук мыйзамдарына ылайык алмашуу үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү же жыйымдарды төлөөнү талап кыла алат.
Тараптар айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну суранган адамдын ден соолугунун абалы боюнча зарыл болгон талаптарга шайкештигин ырастаган медициналык маалымкатты талап кыла алат.
Алмаштыруу суралган айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу датасына карата колдонулган Тараптардын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык чектөөлөр алмаштыруу датасынан тартып колдонулат.
6-берене
Тараптардын биринин компетенттүү органы экинчи Тараптын айдоочуларын каттоо үчүн өзүнүн улуттук мыйзамдарын колдоно алат.
7-берене
Тараптар айдоочулук күбөлүктүн жарактуулугу, аныктыгы же анда камтылган башка маалыматтар боюнча шектенүүлөр пайда болгон учурларда аны ишке ашыруу максаттары үчүн экинчи Тараптын компетенттүү органынан ушул Макулдашуунун 9-беренесинде көрсөтүлгөн компетенттүү орган аркылуу расмий электрондук почта боюнча айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын ырастоону сурашы мүмкүн. Эгерде берилген маалымат тиешелүү айдоочулук күбөлүктүн жараксыздыгын ырастаса, Тараптар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруудан баш тартышы мүмкүн.
Суроо-талапты жиберүүдө же жооп берүүдө Тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун 4-тиркемесинде камтылган “Маалымат алмашуу” формасын колдонот.
Алмаштыргандан кийин жаңы айдоочулук күбөлүктү берген компетенттүү орган мурдагы күбөлүктүн аныктыгына, жарактуулугуна же башка маалыматтарына байланышкан бузууларды аныктаган учурда бул жөнүндө экинчи Тараптын компетенттүү органына кабарлайт. Аталган кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилет.
Тараптардын биринин компетенттүү органдары тарабынан алмаштырылган айдоочулук күбөлүктөр ээсинен алынгандан кийин айдоочулук күбөлүктү берген мамлекеттин дипломатиялык өкүлүнө кайтарып берилет.
8-берене
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууда Тараптардын мыйзамдарында көрсөтүлгөн айдоочулук күбөлүктөрдүн категорияларынын эквиваленттүүлүгү ушул Макулдашууга тиркелген эквиваленттүүлүк таблицаларына ылайык аныкталат.
Бул таблицалар ушул Макулдашуунун техникалык тиркемелерин түзөт жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9-берене
Тараптар ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине төмөнкү маалыматты берет:
– компетенттүү органдардын толук аталышын, даректерин, телефондорунун, факстарынын номерлерин жана электрондук даректерин;
– ушул Макулдашуунун 1-А жана 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн.
Тараптар алардын компетенттүү органдарындагы, айдоочулук күбөлүктөрүндөгү же улуттук мыйзамдарындагы ушул Макулдашууну колдонууга таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу токтоосуз маалымдайт.
10-берене
Ушул Макулдашуу алар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
11-берене
Ушул Макулдашуу үчүнчү өлкөдө берилген жана Тараптардын биринде алмаштырылган айдоочулук күбөлүктөргө карата колдонулбайт.
12-берене
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы дипломатиялык консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
13-берене
Ушул Макулдашуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган датадан тартып алтымыш (60) күндөн кийин күчүнө кирет, кабарлама аркылуу Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү, ошол эле учурда Тараптардын бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлама жиберүү менен аны колдонууну токтото алат. Токтотуу мындай кабарламаны алган датадан тартып отуз (30) күндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча дипломатиялык каражаттар аркылуу өзгөрүшү мүмкүн. Мындай өзгөрүүлөр өзүнчө протоколдор түрүндө таризделет, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул берененин биринчи абзацында каралган тартипке ылайык күчүнө кирет.
___________ шаарында _____-жылдын “___”___________ кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө шайкеш келбеген учурларда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
__________________________ | Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн
__________________________ |
| 1-А тиркемеси |
Түркия Республикасында 01.01.2016 кийин берилген айдоочулук
күбөлүктөр жана 014 тибиндеги күбөлүктүн ээсине башкарууга
уруксат берилген транспорт каражаттарынын түрлөрү
M категориясы эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди (мопеддерди) башкаргандарга берилет |
A1 категориясы цилиндринин көлөмү 125 куб. см ашпаган же кубаттуулугу 11 кВт ашпаган, кубаттуулуктун жана салмактын катышы 0,1 кВт/кг ашпаган, коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашпаган моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
A2 категориясы кубаттуулугу 35 кВт ашпаган, кубаттуулуктун жана салмактын катышы 0,2 кВт/кг ашпаган, коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашпаган моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
A категориясы коляскасы бар же жок мотоциклдерди, ошондой эле кубаттуулугу 15 кВт ашкан моторлуу трициклдерди башкаргандарга берилет |
B1 категориясы кыймылдаткычынын максималдуу таза кубаттуулугу 15 кВт ашпаган, ал эми жүктөмү жок салмагы 400 кг (жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары үчүн 550 кг) ашпаган моторлуу квадроциклдерди башкаргандарга берилет. Электрдик транспорт каражаттарынын таза салмагын эсептөөдө аккумуляторлордун салмагы эске алынбайт |
B категориясы жеңил автомобилдерди жана пикаптарды башкаргандарга берилет. Типтүү жактыруунун тиешелүү эрежелери үчүн зыян келтирбестен айдоочулук күбөлүктүн ээлери Улуттук билим берүү министрлигинин 29/05/2013-ж. № 28661 расмий журналында жарыяланган жеңил автомобилдердин айдоочуларын окутуу эрежелеринде көрсөтүлгөн окууну аяктаган же көндүмү жана жүрүм-туруму боюнча тестти тапшырган шартта, уруксат берилген максималдуу салмагы 4 250 кг ашпаган транспорт каражаттарын айкалыштыруу менен башкара алат |
BE категориясы чиркегичтин же жарым чиркегичтин уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашпаган В категориясындагы тракторду жана чиркегичти же жарым чиркегичти камтыган транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
C категориясы жүк ташуучу автону жана сүйрөгүчтү башкаргандарга берилет |
CE категориясы С категориясындагы жүк ташуучу автонун жана анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
C1 категориясы уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан, бирок 7 500 кг ашпаган жүк ташуучу автону жана сүйрөгүчтү башкаргандарга берилет |
C1E категориясы айкалыштыруунун уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган шартта С1 категориясындагы жүк ташуучу авто, ал эми анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан; ошондой эле айкалыштыруунун уруксат берилген максималдуу салмагы 12 000 кг ашпаган шартта В категориясындагы трактор жана анын чиркегичинин же жарым чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
D1 категориясы микроавтобусту башкаргандарга берилет |
D1E категориясы D1 категориясындагы микроавтобус жана анын чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
D категориясы микроавтобусту жана автобусту башкаргандарга берилет |
DE категориясы D категориясындагы микроавтобус жана анын чиркегичинин уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан транспорт каражаттарынын курамын башкаргандарга берилет |
F категориясы резина шинасы менен тракторду башкаргандарга берилет |
G категориясы курулуш техникасын башкаргандарга берилет |
| 1-В тиркемеси |
Түркия Республикасынын айдоочулук күбөлүгү менен
башкарууга мүмкүн болгон транспорт каражаттарынын
аныктамасы
Жеңил автомобиль – айдоочунун ордун кошкондо тогуз орундан ашпаган орундуу жана адамдарды ташуу үчүн арналган моторлуу транспорт каражаты.
Пикап – жүктөрдү ташуу үчүн арналган, уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 килограммдан ашпаган моторлуу транспорт каражаты. Айдоочунун орундугунан жана анын жанындагы орундуктан тышкары башка орундуктар болушу мүмкүн болгон жана айдоочунун кабинасы автомобилдин негизги кузовуна бириктирилген пикаптар фургон деп аталат.
Жүк ташуучу авто – жүктөрдү ташуу үчүн арналган, уруксат берилген максималдуу салмагы 3 500 килограммдан ашкан моторлуу транспорт каражаты.
Автобус – айдоочунун ордун кошкондо тогуз орундан ашкан жана адамдарды ташуу үчүн арналган моторлуу транспорт каражаты. Бул категорияга троллейбустар да кирет. Айдоочунун ордун кошкондо он жети орундан ашпаган автобус микроавтобус деп аталат.
Эвакуатор – жүктөрдү ташуу үчүн арналбаган, бирок чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди сүйрөө үчүн арналган моторлуу транспорт каражаты.
Мотоцикл – эки же үч дөңгөлөктүү, коляскасы бар же жок, максималдуу долбоордук ылдамдыгы 45 км/с жана/же цилиндринин көлөмү 50 куб. сантиметрден ашкан, ошондой эле кыймылдаткычынын номиналдык кубаттуулугу 15 киловаттан ашпаган төрт дөңгөлөктүү, жүктөмү жок салмагы 400 килограммдан ашпаган, ал эми жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары үчүн жүктөмү жок салмагы 550 килограммдан ашпаган моторлуу транспорт каражаттары. Электромобилдер үчүн таза салмакты эсептөөдө аккумуляторлордун салмагы эске алынбайт. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналбаган, жүктөрдү ташуу үчүн арналган, коляскасы бар же атайын жасалган кузову бар үч дөңгөлөктүү мотоцикл жүк ташуучу трицикл деп аталат.
Мопед – максималдуу ылдамдыгы 45 км/с ашпаган, ички күйүүчү кыймылдаткычты пайдаланууда цилиндринин көлөмү 50 куб. см ашпаган, электр моторун пайдаланууда максималдуу үзгүлтүксүз номиналдык кубаттуулугу 4 киловаттан ашпаган жана уруксат берилген максималдуу салмагы 350 килограммдан ашпаган эки же үч дөңгөлөктүү транспорт каражаттары менен бирдей мүнөздөмөлөргө ээ болгон төрт дөңгөлөктүү моторлуу транспорт каражаттары. Электромобилдер үчүн таза салмакты эсептөөдө аккумуляторлордун салмагы эске алынбайт.
Резина шиналары менен трактор – белгилүү шарттарда чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди сүйрөй алуучу, бирок коммерциялык ташуулар үчүн пайдаланылбаган айыл чарба транспорт каражаттары.
Курулуш техникасы – айыл чарбасында, өнөр жайда, коомдук жана улуттук коргонуунун муктаждыктары үчүн, ошондой эле ар кандай уюмдардын иштеринде жана кызмат көрсөтүүлөрүндө колдонулуучу, болжолдонгон пайдаланууга жараша ага орнотулган ар түрдүү жабдуулары бар жана жолдо адамдарды, жаныбарларды жана жүктөрдү ташуу үчүн колдонулбаган, жол курулуш машиналарына окшош моторлуу транспорт каражаттары.
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү жана бул
күбөлүк менен башкарууга уруксат берилген транспорт
каражаттарынын түрлөрү
1. А категориясы – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашкан мотоциклдер – он алты жашка толгон адамдарга.
2. А1 категориясы – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб см. ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 киловаттан ашпаган мотоциклдер (жеңил мотоциклдер) – он алты жашка толгон адамдарга.
3. В категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашпаган жана айдоочунун орундугунан тышкары отуруучу орундарынын саны сегизден ашпаган автомобилдер (“А” категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) – он жети жашка толгон адамдарга.
4. В1 категориясы – моторлоштурулган трициклдер, квадрациклдер – он алты жашка толгон адамдарга.
5. С категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) – он сегиз жашка толгон адамдарга.
6. С1 категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан, бирок 7500 кг ашпаган автомобилдер (“D” категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) – он сегиз жашка толгон адамдарга.
7. D категориясы – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары он алты жана андан көп отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
8. D1 категориясы – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары тогуздан он алтыга чейин отуруучу орундары бар автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
9. ВЕ категориясы – уруксат берилген салмагы 750 кг ашкан жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашкан чиркегич чиркелген “В” категориясындагы автомобилдер; уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан чиркегич чиркелген, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 3500 кг ашкан, “В” категориясындагы автомобилдер – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, он сегиз жашка толгон адамдарга.
10. СЕ категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген, “С” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
11. С1Е категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан жана жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган, “С1” категориясындагы автомобилдер – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
12. DE категориясы – уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, чиркегич чиркелген, “D” категориясындагы автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
13. D1E категориясы – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналбаган, уруксат берилген максималдуу салмагы 750 кг ашкан, бирок жүктөмү жок автомобилдин салмагынан ашпаган, ал эми мындай курамдын уруксат берилген максималдуу салмагы 12000 кг ашпаган, “D1” чакан категориясындагы автомобилдер – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) бар, жыйырма бир жашка толгон адамдарга.
| 3-А тиркемеси |
Айдоочулук күбөлүктөрдүн эквиваленттүүлүк таблицасы
(Түркия Республикасында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз
Республикасында берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн тиешелүү
категориясына/категориячасына алмаштыруу)
ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ (01.01.2016 кийин берилгендер) | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | ЭСКЕРТҮҮ |
M | – |
|
A1 | A1 |
|
A2 | – |
|
A | A |
|
B1 | B1 |
|
B | B |
|
C1 | C1 |
|
C | C |
|
D1 | D1 |
|
D | D |
|
BE | BE |
|
C1E | C1E |
|
CE | CE |
|
D1E | D1E |
|
DE | DE |
|
* Эгерде ал D жана CE категорияларындагы айдоочулук күбөлүктүн ээси болсо, DE, D1 жана D1E категорияларындагы айдоочулук күбөлүктөр менен башкарууга уруксат берилген транспорт каражаттарын да башкара алат.
** Эгерде ал С жана DE категорияларындагы айдоочулук күбөлүктүн ээси болсо, CE, C1 жана C1E категорияларындагы айдоочулук күбөлүктөр менен башкарууга уруксат берилген транспорт каражаттарын да башкара алат.
| 3-В тиркемеси |
Айдоочулук күбөлүктөрдүн эквиваленттүүлүк таблицасы
(Кыргыз Республикасында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү Түркия
Республикасында берилген тиешелүү айдоочулук күбөлүктөргө
алмаштыруу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ (01.01.2016 кийин берилгендер) | ЭСКЕРТҮҮ |
A1 | A1 |
|
A | A |
|
B1 | B1 |
|
B | B |
|
C1 | C1 |
|
C | C |
|
D1 | D1 |
|
D | D |
|
BE | BE |
|
C1E | C1E |
|
CE | CE |
|
D1E | D1E |
|
DE | DE |
|
| 4-тиркеме |
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси боюнча
маалыматты суроо формасы
1 | Айдоочулук күбөлүк (сериясы жана номери): |
|
2 | Фамилиясы: |
|
3 | Аты: |
|
4 | Туулган датасы: |
|
5 | Туулган жери: |
|
Тиркеме: айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү (эки тарабы тең) | ||
Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси
боюнча маалыматты суроого
жооптун формасы
1 | Алмаштыруу үчүн айдоочулук күбөлүк жарактуу: (“ООБА” же “ЖОК” деп жооп бериңиз) |
|
2 | Берилген датасы: |
|
3 | Жарактуулук мөөнөтү чейин: |
|
4 | Категориялары (берилген датасы): |
|
5 | Алмаштыруу үчүн айдоочулук күбөлүк үчүнчү өлкө тарабынан берилгенби: (“ООБА” же “ЖОК” деп жооп бериңиз. Эгер “ООБА” болсо – баштапкы берген өлкөнүн эл аралык аббревиатурасын да көрсөтүңүз) |
|