Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 24
Майдан айыл аймагынын балансына АРИС тарабынан алынган техникаларды кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына жана "Мүлктү эсепке алуу жана башкаруу" эрежелерине ылайык, Майдан айыл аймагында АРИС (Айылдарды Өнүктүрүү Программасы) тарабынан алынган SBH388-II үлгүсүндөгү погрузчик жана FAW үлгүсүндөгү автоунааны расмий түрдө айыл аймагынын балансына алуу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын аймагында АРИС тарабынан алынган SBH388-II погрузчик жана FAW автоунаасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий түрдө документтештирилип, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Бул токтомдун негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамда белгиленген тартипте билдирүү жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |