Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 25
"Ай-Саан ККД" ЖЧКсынын Майдан айыл аймагына тиешелүү жайыт жерден, 367-контурдагы таштуу жайыт аянтынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык, жеңил типтеги лагерь орнотуу үчүн 0,30 га жер участогун убактылуу ижарага берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ай-Саан ККД" ЖЧКсына Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 0,30 га жер аянтын келишимдин негизинде жеңил типтеги лагерь орнотуу үчүн убактылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин;
2. Келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тиешелүү төлөмдөр жана ижара акысы көрсөтүлсүн. Ошондой эле, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан коюлган протоколдук талаптар камтылсын. 2024-жылдын 5-апрелиндеги протоколдук тапшырмада Теңизбай жайлоосуна барган 10 км жол "Ай-Саан ККД" ЖЧКсы тарабынан тазалансын эгерде 10 км жол тазаланбаса бул токтом бир жыл ичинде күчүн жоготту деп эсептелсин;
3. Бул токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен жана экология маселелери боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |