Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 26
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине, "Суу жөнүндө" мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июнундагы №256 токтому менен бекитилген "Муниципалдык ишканалар жөнүндө" типтүү жобого ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн "Майдан кызмат көрсөтүү" муниципалдык ишканасына жайыт комитетин жана суу пайдалануучулар ассоциациясын бириктирүүгө макулдук берилсин.
2. Бириктирүү процессин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамда белгиленген тартипте билдирүү жөнөтүү Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бириктирилген түзүмдүн уставын кайрадан бекитүү, уюштуруу-укуктук маселелерин жөнгө салуу жана каржы маселелери боюнча жобону иштеп чыгуу Майдан айыл өкмөтүнө жана тиешелүү комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып, мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго
Төрага | А.Юлдашов |