Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 28
Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" мыйзамынын 9, 11, 14-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу тартиби тууралуу жобосуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга бюджети бекитилсин.
2. Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга иш планы бекитилсин.
3. Майдан айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү бекитилсин.
4. Жайыт акысын 6-айга төмөнкүдөй өлчөмдө бекитүү:
a. Майда мал (кой) – 30 (отуз) сом, козу – 15 (он беш) сом;
b. Бодо мал – 150 (жүз элүү) сом;
c. Жылкы – 300 (үч жүз) сом;
d. Топоз – 200 (эки жүз) сом;
e. Башка айыл аймактарынан келген малдарга – жогорудагы тарифтердин эки эселүү өлчөмүндө колдонулсун;
f. Жайытты башка максатта пайдалануу үчүн0,01 га жерге – 30 (отуз) сомдон акы алынсын.
5. Майдан айыл аймагынын аймагынан башка айылдврдын жайытына өткөн малдар үчүн жолго (жайыттан убактылуу пайдаланган) ар бир мал башына – 5 (беш) сомдон төлөм алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |