Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 29
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18-беренесине, "Суу кодексинин" 81- жана 82-беренелерине, ошондой эле айыл чарба тармагында сугат сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында, жазгы талаа иштери башталгандыгына байланыштуу Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагында жазгы талаа жумуштары башталгандыгына байланыштуу сугат суу маселесин көзөмөлдөө максатында айылдык Кеңештен жана айыл өкмөтүнөн төмөнкү комиссия курамы түзүлсүн;
a. Комиссиянын төрагасы: Эрматов Байсал
b. Мүчөлөрү:
i. Шерматов Мухамбетумар
ii. Заиров Азамат
iii. Анипаев Бурган
iv. Тагаев Бейшен
v. Нурали уулу Кудайберди
vi. Шамшиев Жусуп
2. Комиссиянын негизги милдеттери:
a. Сугат сууну айыл чарба жерлерине адилеттүү жана натыйжалуу бөлүштүрүү;
b. Аймактагы сугат каналдарынын абалын көзөмөлдөө жана тиешелүү органдарга сунуштарды берүү;
c. Сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3. Комиссиянын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Юлдашов |