Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 31
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Айдаров Сабырдын сунушу боюнча
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Айдаров Сабырдын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына жана башка тиешелүү нормативдик-укуктук актыларга ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылы Майдан айыл өкмөтү тарабынан алынган техникалык көзөмөл (технадзор) кызматынын мөөнөтү 2025-жылга узартылбасын.
· 2025-жыл үчүн жаңы техникалык көзөмөлчү дайындалсын.
2. 2024-жылы айыл өкмөтүнүн ички жолдорун асфальттоо иштеринде туура эмес технология колдонулгандыгы үчүн,
· 2024-жылдагы тендердин жеңүүчүсү болгон компаниянын 2025-жылдагы айыл өкмөтүнүн тендерлерине катышуусуна жол берилбесин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага | А.Юлдашов |