Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 32
Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарагаберүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана башка тиешелүү мыйзамдардын негизинде, Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун айдоо, кайрак, чөп чабынды жана көп жылдык бак-дарактар өскөн жер тилкелерин ижарага берүү максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун айдоо, кайрак, чөп чабынды жана көп жылдык бак-дарактар өскөн жер тилкелерин аукцион аркылуу ижарага берүү белгиленсин.
2. Жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн комиссия түзүлсүн.
3. Төмөнкү курамда комиссия бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы: С. Айдаров – айылдык Кеңештин депутаты
Комиссиянын катчысы: К. Нурали уулу – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
· А. Матисаев – райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү
· С. Давлятов – айылдык Кеңештин депутаты
· А. Заиров – айылдык Кеңештин депутаты
· Б. Хожиханов – айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси
· Ж. Шамшиев – айыл башчы
· М. Шерматов – айыл башчы
· У. Асранов – жайыт комитетинин өкүлү
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А.Юлдашов |