Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 33
Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дөбө айылындагы жалпы аянты 1800 чарчы метр болгон жер тилкесин муниципалдык менчикке алынсын;
2. Майдан айыл өкмөтүнө тиешелүү документтерди мыйзам чегинде даярдоо жана көрсөтүлгөн жер участогунун багытын өзгөртүү иштерин камсыз кылуу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |