Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 35
Майдан айыл өкмөтү тарабынан тендерге берилген жумуштар жөнүндө
Кыргыз Рес публикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде, Майдан айыл өкмөтү тарабынан тендер аркылуу берилген жана аткарылып жаткан иштерди көзөмөлгө алуу зарылдыгына байланыштуу, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагында тендер аркылуу аткарылып жаткан жумуштарды көзөмөлдөө максатында айылдык Кеңештин төмөнкү курамдагы комиссиясы түзүлсүн:
· Комиссиянын төрагасы: Эрматов Байсал
· Комиссиянын мүчөлөрү:
· Айдаров Сабыр
· Тагаев Жолдош
· Кааров Каныбек
· Тургунбаева Чолпон
· Анипаев Бурканидин
· Давлятов Сапарали
2. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелсин:
· Майдан айыл аймагында тендер аркылуу аткарылып жаткан жумуштардын сапатына жана келишимдик милдеттемелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
· Аткарылып жаткан жумуштардын мыйзам талаптарына, смета документтерине жана техникалык шарттарга ылайык келүүсүн текшерүү;
· Жумуштардын жүрүшү боюнча айылдык Кеңешке жана тиешелүү органдарга маалымат берип туруу;
· Кемчиликтер аныкталган учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо жана жооптуу тараптардан алардын жоюлушун талап кылуу.
3. Комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө укугун өзүмө калтырам
Төрага | А.Юлдашов |