Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 36
Майдан айыл аймагына караштуу Достук айылында жаңыдан курулуп жаткан мал базардын курулуш иштерин бүткөрүү максатында, Кадамжай өнүктүрүү фондунан сунушталып жаткан 5,0 млн (беш миллион) сом каражатты 2% (эки пайыз) үстөк менен кредит түрүндө алуу зарылдыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылындагы жаңыдан курулуп жаткан мал базардын курулуш иштерин бүткөрүү максатында Кадамжай өнүктүрүү фондунан 5,0 млн (беш миллион) сом суммасындагы каражатты 2% үстөк менен кредит түрүндө алууга макулдук берилсин;
2. Алынган кредиттин негизги суммасы жана үстөк төлөмдөрү “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын киреше булактарынан ар жыл сайын 510 миң (беш жүз он миң) сомдон төлөнсүн. Бул милдетти аткаруу “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Исировго жүктөлсүн;
3. Кредиттик каражат атайын эсепке түшүрүлүп, максаттуу түрдө — мал базардын курулуш иштерин бүткөрүү үчүн гана пайдаланылсын;
4. Курулуш иштеринин сапатын, максатка ылайык пайдаланылышын жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүн көзөмөлдөө Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |