Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 36.1
“Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл аймагына караштуу Достук айылында жаңыдан курулуп жаткан мал базардын курулуш иштерин бүткөрүү максатында “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасы Кадамжай өнүктүрүү фондунан 5,0 млн (беш миллион) сом суммасында 2% үстөк менен кредит алуу үчүн мал базарга тиешелүү документтерди күрөөгө коюуга макулдук берүү максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылында курулуп жаткан мал базардын курулуш иштерин бүткөрүү максатында, “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасына Кадамжай өнүктүрүү фондунан 5,0 млн (беш миллион) сом суммасындагы каражатты 2% үстөк менен кредит катары алууга, жана бул кредитти алуу үчүн мал базарга тиешелүү документтерди күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Юлдашов |