Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 37
Айрыбаз айылынын Чукур участкасынын тургуну Жакбаров Абдуманнаптын жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Чукур участкасынын тургуну Жакбаров АбдуманнаптынОш–Баткен автоунаа жолунун жээгинде жайгашкан,жалпы аянты 1240,0 чарчы метр болгон жеке менчик турак-жай жеринин ичинен 800,0 чарчы метр аянтын соода-сатык түрүнө котору үчүн өзгөртүү өтүнүчүн карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана башка тиешелүү мыйзамдарга ылайык каралып, жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүү жана ишкердикти өнүктүрүү максатын көздөп Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Айрыбаз айылынын тургуну Жакбаров Абдуманнаптын жеке менчик турак-жай үчүн берилген 1240 чарчы метр жер аянтынын ичинен 800,0 чарчы метр жеринин багытын элге кызмат көрсөтүү максатында соода-сатык түрүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тииштүү материалдарды Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысыкөзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |