Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 38
Сары-Алтын айылынын тургуну Каримова Батманын жекеменчик жеринин багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын айылынын тургуну Каримова Батманын жалпы 1410 чарчы метр жекеменчик турак жай үчүн берилген жеринин ичинен жалпы аянты 66,6 чарчы метр жер аянтын соода-сатык түрүнө которуу өтүнүчүн карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана тиешелүү мыйзам актыларына таянып, бул демилге жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүүнү жана чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынынын корутундусунун негизинде Майдан айыл аймагын айылдык Кеңеши
1. Сары-Алтын айылынын тургуну Каримова Батманын жеке менчик 1410 чарчы метр жер аянтынын ичинен 66,6 чарчы метр жеринин багытын элге кызмат көрсөтүү максатында соода-сатык түрүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тииштүү материалдарды Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |