Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 40
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Абдурасил Бархашовичтин Кара-Жыгач айылынын Кара-Жыгач көчөсүндөгү 300,0 м² (үч жүз чарчы метр) көлөмүндөгү жеке менчик турак-жай куруу үчүн берилген жер аянтынын багытын “соода-сатык максатында колдонууга” өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү мыйзам актыларына ылайык каралып, Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги №11-03 корутундусунун негизинде, чакан ишкердикти өнүктүрүү жана калкка кызмат көрсөтүү максатында, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Абдурасил Бархашовичтин жеке менчигиндеги 300,0 м² аянттагы турак-жай үчүн багытталган жер тилкесин элге кызмат көрсөтү үчүн соода-сатык түрүнө өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча иштерди мыйзам чегинде жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |