Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 42
Бак айылынын тургуну Имарова Гулжамалдын жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Бак айылынын тургуну Имарова Гулжамалдын 137,0 чарчы метр жекеменчик жер аянтын соода-сатык түрүнө колдонуу үчүн өзгөртүү өтүнүчүн карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана тиешелүү мыйзам актыларына таянып, бул демилгежергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүүнү жана чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
1. Бак айылынын тургуну Имарова Гулжамалга тиешелүү болгон137,0 чарчы метр жеке менчик жер аянтынын багытын соода-сатык түрүнө өзгөртүүгөмакулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун мыйзам чегинде расмий түрдө документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги иштерди аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |