Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 43
Бак айылынын тургуну Абдурашут уулу Абдулазиздин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Бак айылынын тургуну Абдурашут уулу Абдулазиздин 300,0 чарчы метр жекеменчик турак жай үчүн берилген жер аянтын соода-сатык түрүнө которуу өтүнүчүн карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана тиешелүү мыйзам актыларына таянып, бул демилге жергиликтүү деңгээлде элге кызмат көрсөтүүнү жана чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын кортутундусуна негиз Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
1. Бак айылынын тургуну Абдурашут уулу Абдулазизге тиешелүү болгон жекеменчик турак жай үчүн берилген 300,0 чарчы метр жер аянтынын багытын соода-сатык түрүнө өзгөртүүгөмакулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун мыйзам чегинде расмий түрдө документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде иш кагаздарын даярдоо жана жердин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги иштерди аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага | А.Юлдашов |