Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 44
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренеси, 66-беренесинин 2-пункту жана 78-беренеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2013-жылдын 28-июнундагы №360 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык жер участокторун ижарага берүү тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Көк-Талаа айылындагы мамлекеттик жер фондусуна караштуу №46 контурда жайгашкан жалпы аянты 6,0 гектар жер тилкеси эки жолу аукционго коюлуп, бирок катышуучулар болбогондуктан, жер тилкесин түз келишим менен берүү маселеси каралды. Маселе Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссия тарабынан мыйзам чегинде талданып, түз келишим менен ижарага берүү мүмкүн деген тыянак чыгарылгандыгына байланыштуу, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Талаа айылындагы мамлекеттик жер фондусуна тиешелүү №46 контурда жайгашкан жалпы 6,0 гектар аянттагы жер тилкесин түз келишим менен ижарага берүү үчүн төмөнкү документтер толук такталып, Майдан айыл өкмөтүнүн жерди ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына өткөрүлүп берилсин: • Эки аукциондун өткөрүлгөндүгү тууралуу протоколдор; • Аукциондук комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси; • Катышуучулардын арыздары жана каттоо журналы; • Аукцион өткөрүлгөн күндөргө байланыштуу каттоо акт-протоколдору.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн документтер такталган соң, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик жер фондусуна караштуу №46 контурда жайгашкан 6,0 гектар жер тилкеси жеке же юридикалык жакка түз келишимдин негизинде убактылуу (ижарага) пайдаланууга берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |