Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 45
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Тургунбаев Орозбек Сайдилаевичтин кайрылуусунда, анын ижарага алып, пайдаланып келген дарыкана курулган жер тилкесине түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аталган жер тилкесин апасы Кадырова Алтынай Калбековнага 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү өтүнүчү келтирилген. Маселе Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссия тарабынан каралып, мыйзам чегинде колдонууга мүмкүн экени аныкталган. Жогорудагылардын негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылындагы дарыкана жайгашкан, буга чейин Тургунбаев Орозбек Сайдилаевич тарабынан ижарага алып пайдаланылып келген жер тилкесин анын апасы Кадырова Алтынай Калбековнага 5 (беш) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, убактылуу пайдалануу келишиминин негизинде берилиши камсыздалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын Айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссия көзөмөлдөсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |