Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 46
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы №248 токтому менен бекитилген "Суу объектилеринин жээгиндеги коргоо зоналарын жана тилкелерин белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобонун" негизинде, Майдан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-апрелиндеги №01-05/515-чыгыш катына жана агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагынан агып өткөн Исфайрам дарыясынын жээгиндеги коргоо зонасы дарыянын эки жээгинен 30 (отуз) метр аралыктын ичинде деп белгиленсин.
2. Коргоо зонасына кирген жер тилкелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, убактылуу пайдаланууга келишимдин негизинде берилиши камсыздалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |