Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 48
Көк-Талаа айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургундарынын жер маселеси боюнча жазма кайрылуусун, ошондой эле Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, “Жер жөнүндө” мыйзамына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук администрациясы тарабынан Көк-Талаа айылынын түштүк-батыш бөлүгүнөн жалпы аянты 25 гектар жер участогу көп жылдык келишим менен берилгендиктен, Көк-Талаа айылынын жайыт жана мал-суу ичүүчү жайы болуп эсептелгендиктен, бул аймакта мал өтүүчү жол ачык бойдон калтырылсын. Мал-суу ичүүчү жердин тегереги тосулбасын.
2. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Юлдашов |