Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 48
Көк-Талаа айылынын тургуну Исакова Гулпари Камчыбековнанын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Исакова Гулпари Камчыбековнанын жазма кайрылуусун, ошондой эле Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, “Жер жөнүндө” мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 24-декабрында Майдан айыл өкмөтүнүн №123 токтомунун негизинде Жаңы-Абат айылыдан 1200 чарчы метр жер участогунун системалык каттоодо жер ээси катары Маматалиев Миражидин деп катталып калгандыгы аныкталган. Аталган жаран өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүндө Исаков Миражидин болуп өзгөртүлгөн. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнө негиз Исаков Меражидин болгондугуна байланыштуу өзгөртүлүп окууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |