Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 50
Көк-Талаа айылынын тургундары Кахарова Гулмайрам Абдулажановна жана Кахаров Азамат Абдуллажановичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургундары Кахарова Гулмайрам Абдулажановна жана Кахаров Азамат Абдуллажанович тарабынан айыл чарба багытындагы жер участогунун багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүү тууралуу жазма кайрылуусу каралып чыкты. Ошондой эле, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, "Жер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жана "Жер участогунун багытын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого" ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургундары Кахарова Гулмайрам Абдулажановна жана Кахаров Азамат Абдуллажановичтин мамлекеттик актысы бар айыл чарба багытындагы жер участогунун багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөлсүн
Төрага | А.Юлдашов |