Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-августу № 2025-П-14/43-1-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2025-жылдын 10-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын «Башкы китеп» банктык маалымат системасындагы, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтсүн.
6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгын, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу |
| М. Аттокуров |
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 27-августундагы
№ 2025-П-14/43-1-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:
1) «Кирешелер» бөлүгүнүн:
- 111-тобунун 11122-статьясы төмөнкү мазмундагы элементтер менен толукталсын:
«
11122400 | Соода ишине патент |
11122900 | Атайын режимдер боюнча башка салыктар |
»;
- 1113-чакан тобунун 11131-статьясы төмөнкү мазмундагы элементтер менен толукталсын:
«
11131300 | Транзакцияларга салык |
11131900 | Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган башка салыктар |
»;
- 133-тобунун 13331-статьясы төмөнкү мазмундагы элемент менен толукталсын:
«
13331810 | Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар |
»;
2) «Чыгашалар» бөлүгүнүн:
- 263-тобунун 26313-статьясы төмөнкү мазмундагы элемент менен толукталсын:
«
26313810 | Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар |
»;
- 272-тобунун 27211-статьясы төмөнкү мазмундагы элемент менен толукталсын:
«
27214500 | Социалдык контракт |
»;
3) Б тиркемесинин (маалымат катары):
- «Кирешелерге жана пайдага салыктар» тобу (111) өзүнө эки топчону камтыйт» деген көрсөтмөсүндөгү:
«эки» деген сөз «төрт» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкү маанидеги көрсөтмөлөр менен толукталсын:
«1113 Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар
1114 Бирдиктүү салык төлөмү»;
- «11122200 Патенттин негизиндеги салык» көрсөтмөсү төмөнкү мазмундагы көрсөтмөлөр менен толукталсын:
«11122400 Соода ишине патент;
11122900 Атайын режимдер боюнча башка салыктар»;
- «1113 «Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган салыктар» көрсөтмөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11131 Кумтөрдүн дүң киреше салыгы;
11131100 Кумтөрдөн дүң киреше салыгы;
11131200 Кумтөрдөн Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө жылдык сумма;
11131100, 11131200 элементтеринде 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун 1.4.2 «Дүң киреше салыгы» пунктуна жана 1.4.3 «Кошумча салыктар» пунктунун б пунктчасына ылайык Кумтөрдөн түшкөн акча каражаттарынын эсеби жүргүзүлөт;
11131300 Транзакцияларга салык;
11131900 Категориялар боюнча бөлүштүрүлбөй турган башка салыктар.»;
- «13331800 Пенсияларга үстөк акылар» көрсөтмөсүнөн кийин төмөнкү көрсөтмө менен толукталсын:
«13331810 Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар»;
- 22181400 элементинин көрсөтмөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«22181400 Тамак-аш боюнча үлүшкө төлөөгө чыгымдар, аскер кызматчыларынын өз күчтөрү жана каражаттары менен ысык тамак даярдоо мүмкүн эмес болгон же максатка ылайыксыз болгон учурларда, эл аралык макулдашуулардын алкагында союздаш өлкөлөрдүн аймактарындагы иш-чараларга тартылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында күжүрмөн нөөмөттөргө тартылган Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн өздүк курамынын тамак-ашы үчүн акы төлөө чыгымдары кирет.»;
- «26313800 Пенсияларга үстөк акылар» көрсөтмөсүнөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмө менен толукталсын:
«26313810 Республикалык бюджеттен каржылануучу пенсияларды, жөлөк пулдарды жана компенсациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө каражаттар»;
- «27214400 Жумуш ордуна чек» көрсөтмөсүнөн кийин төмөнкү мазмундагы көрсөтмө менен толукталсын:
«27214500 Социалдык контракт».