Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3- отуруму
2025-жылдын 19-марты № 3/51
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын М. Якупбаева №38а көчөсүндө жайгашкан, Акылбек Болотбекович Джылжымышовдун жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1001-1712, аянты 2803,3 ч.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Асфальт-бетон төшөлүүчү складтын алдындагы жер тилкеден” – “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкеге” өзгөртүп берүү жөнүндө А.Б. Джылжымышовдун арызын карап чыгып, сессиянын протоколунун негизинде Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын М. Якупбаева №38а көчөсүндө жайгашкан, А.Б. Джылжымышовдун жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1001-1712, аянты 2803,3 ч.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Асфальт-бетон төшөлүүчү складтын алдындагы жер тилкеден” – “Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкеге” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |