Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 560
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 3-пунктчасында “114, 115 жана 116-пункттарында” деген сөздөр “117, 118 жана 119-пункттарында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 13-пунктта “48” деген цифралар “50” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 14-пунктта “48” деген цифралар “50” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 20-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) соттуулугу, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар; ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган; жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар; же болбосо алар белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган;”;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген жаран жашаган жери боюнча аскер комиссариатына же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жарандын аскердик наамы (эгерде болсо), аты-жөнү;
– анын туулган күнү, айы, жылы жана жери;
– жашаган жери;
– болгон билими;
– жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы, аскердик кызматка кирүү мотиви;
– эгерде аскердик кызмат өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.
Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү берет:
– өз колу менен жазылган өмүр баянды;
– аскердик-каттоо документтеринин (эгерде болсо) көчүрмөлөрүн;
– эмгек стажы болсо, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
– кесиптик же башка билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
– паспорттун, туулгандыгы тууралуу, никеси тууралуу (эгерде никеде турса) жана балдарынын туулгандыгы тууралуу (эгерде болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн.”;
– 51-пункттун биринчи абзацында “114-пунктунун 4–9-пунктчалары жана 115-пункту” деген сөздөр “117-пунктунун 4–7-пунктчалары жана 118-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“58. Контракттык кызматтын аскер кызматчысын кызмат ордуна дайындоо аскердик бөлүктүн тиешелүү командири (мекеменин башчысы) жана андан жогору тургандар тарабынан жүргүзүлөт.
Контракттык кызматтын аскер кызматчыларын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындоодо төмөнкүдөй шарттар сакталат:
– негизги же аскердик-каттоо адистигине жакын адистик боюнча же болбосо ээ болгон тажрыйбасына ылайык дайындоо камсыздалат, ал эми аскер кызматчылары үчүн жаңы адистик боюнча аларды кызмат ордуна дайындоо жаңы кызмат ордунда бир айдын ичинде кызматтык милдеттерди убактылуу аткаргандан кийин жүзөгө ашырылат;
– Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн нөөмөттү өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарды көрсөткөн же болбосо аскердик милдетин үлгүлүү аткарып жаткан аскер кызматчылары жылдыруу үчүн кадрлардын резервине киргизилет;
– дайындоо, эреже катары тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагына киргизбестен жүргүзүлөт. Тиешелүү командирлердин (башчылардын) карамагында турган аскер кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок алар мурдакы кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып эки айдан ашык эмес убакытта жүргүзүлөт. Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн мезгилинде ээлеген кызмат орду кыскартылганына байланыштуу карамагында турган катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчыларына өргүүсү аяктагандан кийин алар карамагына киргизилгенге чейин ээлеген кызмат ордуна тең кызмат орду, ал эми алар жок болгондо – төмөн турган кызмат орду, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген учурда берилиши керек;
– аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынч убакта катардан тышкаркы аскердик кызматка жарактуу дап таанылган, аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жете элек аскер кызматчыларын ден соолугунун абалын, даярдыгын жана кызмат өтөө тажрыйбасын эске алуу менен милдеттерди аткара ала турган башка кызматтарга дайындоо зарылчылыгын түздөн-түз башчылар аныктайт;
– катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылары (прапорщиктер) тынч убакта контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызмат ордуна ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилген кызмат орундардын тизмеги боюнча дайындалат;
– уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча төмөн турган кызмат орундарына дайындалган жана мурдагы кызмат орундарына тең кызмат орундарын ээлөө үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген контракттык кызматтын аскер кызматчылары кызматы боюнча көтөрүлүү артыкчылыктуу укугун колдонушат;
– тартиптик жаза тартибинде кызмат ордунан төмөндөтүлгөн контракттык кызматтын аскер кызматчылары жогору турган кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн, бирок төмөндөтүлгөндөн кийин бир жылдан эрте эмес;
– аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) жана жогору тургандардын буйруктары менен контракттык кызматтын аскер кызматчыларына офицердик курамдын бош жана бош эмес кызмат орундары боюнча милдеттерди убактылуу аткарууга уруксат берилиши мүмкүн, мында аларга баш ийүүдө офицерлер болбошу керек;
– катардагы жана сержанттык курамдагы аял-аскер кызматчылары (прапорщиктер) кош бойлуулугуна же баланы үч жашка чейин кароо зарылчылыгына байланыштуу, алардын макулдугу менен жумушу аз көлөмдөгү контракттык кызматтын жоокер жана сержант кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.
Бош кызмат орундары жок учурда аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга тийиш.
Бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аял-аскер кызматчылары, алардын макулдугусуз ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн эмес.”;
– 59-пункттун 7–12-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 65-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“65. Контракттык кызматтын аскер кызматчысы аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысы) карамагына ошол командирдин (башчынын) буйругу менен киргизилиши мүмкүн.
Контракттык кызматтын аскер кызматчысын командирдин (башчынын) карамагына киргизүү төмөнкүлөргө байланышкан учурларда жол берилет:
1) жүргүзүлүүчү уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында кызмат орду кыскарганына;
2) алты айдан ашык мөөнөткө аскердик окуу жайына окууга же кызматтык иш сапарга жиберилгендигине;
3) аскер кызматчысы туткунда, барымтада же эркиндигинен ажыратылган абалда жана мыйзам менен аныкталган башка ушул сыяктуу абалдарда болгондугуна – бардык болгон убагында;
4) аскер кызматчысын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому, соттун аныктамасы чыккандыгына – бул чараны колдонууну жокко чыгарылганга чейин же болбосо кылмыш-жаза иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (кылмыштык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш кыскартылганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканга) чейин;
5) жубайынын (күйөөсүнүн/аялынын) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмдөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына
жана жумушка орношуу мүмкүн болбогондо – аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес;
6) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечими менен, аскер кызматчысынын жеке өтүнүчүнүн негизинде.”;
– 67-пунктта “62-пунктунун” деген сөздөр “65-пунктунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 75-пункттун экинчи абзацында “62-пунктунун” деген сөздөр “65-пунктунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 90-пункттун биринчи абзацында “жана аскердик кызматтан бошотулган” деген сөздөр алып салынсын;
– 118-пункттун 2-пунктчасынын экинчи абзацында “114-пунктунун 4–9-пунктчаларында” деген сөздөр “117-пунктунун 4–7-пунктчаларында” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 124-пунктта:
биринчи абзацта “114-пунктунун 5–9-пунктчалары, 115-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөр “117-пунктунун 5–7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацта “114-пунктунун 5–9-пунктчалары, 115-пункттун 1-пунктчасы” деген сөздөр “117-пунктунун 5–7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 126-пункттун үчүнчү абзацында “114-пунктунун 5–9-пунктчалары, 115-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөр “117-пунктунун 5–7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 130-пунктта “114-пунктунун 5–9-пунктчалары, 115-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөр “117-пунктунун 5–7-пунктчалары, 118-пунктунун 1-пунктчасы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |