Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму

 

 

2024-жылдын 17-апрели № 14

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын жакынкы жана алыскы жайыттарын пайдалануу тартиби жөнүндө

 

 

Жибек-Жолу айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун-басары-жооптту катчы К. Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Норма боюнча бир шарттуу мал башына 1 га жер туура келгендиктен Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынын жакынкы жана ортонку жайыт жерлери 16559 га болуп, сыйымдуулугу 16559 шарттуу мал башына туура келет. 2023-жылдын аягына карата мал каттоонун жыйынтыгы боюнча ири мүйүздүү мал 5282 баш, жылкы 2239 баш кой-эчки 23847ни түзүп, 21572 шарттуу мал башына барабар болуп айыл өкмөттүн аймагындагы мал жакынкы жана ортонку жайытка сыйбагандыктанайылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Чоң-Бүлөлү, Кичи-Бүлөлү, Күң-Элек, Гагарин жана Согонду жана согонду айылында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколуна ылайык жана жайыт жерлеринин сыймдуулгу талапка жооп бербегендиктен Жибек-Жолу айыл өкмөтүнун жакынкы жана ортонку жайыт жерлерине сырттан мал алып келүүгө бөгөт коюлсун;

2. Сырттан алынып келинген бал челектерин каттоого алып, жергилктүү бал аарылардын эпизоотиялык абалына көзмөл жүргүзүү жагы колго алынсын.

3. Сырттан мал алып келүү жана бал челектери боюнча токтомго ылайык иш алпаруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн ват адиси А. Өмаралиевге, жайыт маселелри боюнча адис К. Пазыловго тапшырылсын;

4. Ушул токтомго ылайык иш алып баруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге, көзөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек