Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 51
Айрыбаз айылынын тургуну Мамасаидов Абдигани Апсаматовичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Мамасаидов Абдигани Апсаматовичтин элге кызмат көрсөтүү максатында бөлүнгөн 500 чарчы метр жер участогунун 250 чарчы метр бөлүгүн турак жай куруу багытына өткөрүү тууралуу жазма кайрылуусу, ошондой эле Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, "Жер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ылайык "Жер участогунун багытын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого" негиз Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Мамасаидов Абдигани Апсаматовичке элге кызмат көрсөтүү максатында бөлүнгөн 500 чарчы метр жер участогунун 250 чарчы метр бөлүгүн турак жай куруу багытына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |