Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму

 

 

2024-жылдын 17-апрели № 15

 

Согонду айылынын тургуну Эшенкулов Ошбектин жазган арызы боюнча өзү жашаган көчөгө атасы Эшенкулов Калыктын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Согонду айылынын тургуну Эшенкулов Ошбектин өзү жашаган көчөгө атасы Эшенкулов Калыктын ысымын ыйгаруу боюнча жазган арызын карап жана талкуулап, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

5. Согонду айылынын тургуну Эшенкулов Ошбектин өзү жашаган көчөгө атасы Эшенкулов Калыктын ысымын ыйгаруу боюнча жазган арызы канааттандырылсын;

6. Согонду айылынын Бокон Жумаев көчөсүнүн бүткөн жеринен (пилораманын бурчунан) баштап айылдын Гүлчө дарыясы өткөн чоң көпүрөсүө чейинки көчөгө Эшенкулов Калыктын ысымы ыйгарылсын;

7. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жер ресурстары кызматынын Алай филиалынан суралсын;

8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Орозали уулу Таалайбек