Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 53
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургуну Карабашов Абылхашымдын жазма кайрылуусу жана Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндө" Мыйзамына, ошондой эле"Жер участогунун багытын өзгөртүү тартиби жөнүндө жобого" ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Сай айылынын тургуну Карабашов Абылхашымдын жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы 0,50 га жер тилкесинин багытын өндүрүш жана өнөр жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлдөсүн.
Төрага | А.Юлдашов |