Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 57
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Муса кызы Гулзаттын жазма кайрылуусу жана Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндө" мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылындагы Курбанбекова Элмиранын короосунун аймагында жайгашкан жана пайдаланылып жаткан ашыкча 0,10 ге жер тилкесин кызы Муса кызы Гулзаттын атына каттатууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |