Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш V - сессиясы

 

2025-жылдын 23-майы № 61

  Аукцион аркылуу берилген жер тилкелерин кайра кайтарып алуу жана муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-майындагы №01-05/590 сандуу катына негиз Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынан, 2024-жылдын 22-ноябрында аукцион аркылуу жеке менчике берилген жер тилкелери мыйзам чегинде кайра кайтарылсын.
      2. Аукционго коюулган жерлерди мыйзам чегинде кайтаруу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
      3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү тартипте муниципалдык менчикке өткөрүлүп, Майдан айыл өкмөтүнүн карамагына (балансына) кабыл алынсын.
      4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тиешелүү мамлекеттик органдар жана укуктук мекемелер менен мыйзам чегинде иш алып баруу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Юлдашов